Кадамжайда аткезчилик жолу менен ири өлчөмдөгү дары-дармек өткөрүү каналы токтотулду
Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу мыйзамсыз аткезчилик жолдорун аныктоо жана бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде, Кадамжай районунун аймагында Өзбек Республикасынын аймагына мыйзамсыз түрдө дары-дармектерди өткөрүүгө аракет кылган жарандарды аныктады.
Кадамжай районунда токтотулган “ВАЗ 2106” үлгүсүндөгү автоунаадан, Өзбек Республикасынын жараны 29 жаштагы М. жана 36 жаштагы Ш. болгон. Автоунаанын арткы эшиктери менен отургучунун астынан 1650 даана Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө тыюу салынган UBBS аталышындагы никотин паучтары жана “Зардекс” аттуу дары-дармектер табылган.
Соттук-химиялык экспертизалардын жыйынтыгында “Зардекс” дарысында психотроптук заттардын катарына кирген Прегабалин кошулмасы бар экени тастыкталды. Ал эми 1650 даана никотин паучтарынын базардагы баасы болжол менен 386 500 сомду түзөт.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган эки жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иштери уланууда.
