ЖКККББ
3 август
Кыргызстанда бир жумада 23 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 24нөн 30-июлга чейинки аралыкта 23 миң 179 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 788;
- Мас абалында унаа башкаруу - 395;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 240;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 803;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 793;
- Автоээнбаштык - 25;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 1 500;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 10;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 11 461;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 164 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
