Свердлов районунда мал союучу жайлар текшерилди
28 февраль

Свердлов районунда мал союучу жайлар текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Свердлов районунун аймагындагы мал союучу жайлар текшерилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында муниципалдык администрациянын кызматкерлери Бишкек шаардык ветеринардык башкармалыгы менен биргеликте мал союлуучу жайлардын санитардык абалына текшерүү жүргүзүштү.

Белгилей кетсек, Свердлов районунун аймагындагы Фере, 32 дареги жана Биримдик-Кут 1-көчөсү боюнча эки мал союлуучу жай жайгашкан.

Текшерүү учурунда, мал союлуучу жайлар штаттык режимде иштеп жаткандыгы аныкталып, ветеринар союла турган ар бир малдын белгиси менен 1-формадагы маалымкатынын бар жогун текшерди.

Фере, 32 дарегинде жайгашкан жайда мал союу кызматы көрсөтүлүп, уйдун эти 570 сомдон сатылат. Ал эми Биримдик-Кут конушундагы цехте мал союу гана кызматы көрсөтүлөт.