Өкүлчүлүк: Жалал-Абаддагы жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтогон жок
Жалал-Абаддагы жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтогон жок. Бул тууралуу президенттин олблустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, азыркы учурда социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунда курулуп жаткан жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтоп калды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.
"Сузак районунун Багыш айыл аймагында 381 гектар жер аянтына курулуп жаткан жаңы эл аралык аэропорттун курулуш иштери уланууда. Долбоордун буйрутмачысы «Кыргызсстан аэропорттору» ААК. Башкы подрядчы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы болуп саналат", – деп айтылат билдирүүдө.
Аэродром бөлүгүн «Кыргыздортранспроект» мамлекеттик ишканасы, ал эми аэровокзалдын долбоорун Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти ишке ашырууда.
Учурда курулуш жүрүп жаткан тилкеде жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары жайгашкандыктан жана аба ырайынын шарттарына байланыштуу айрым техникалык иштер жүргүзүлүп жатат. Ушуга байланыштуу убактылуу техникалык токтоо болгон.
Ошол эле учурда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компания өз ишин улантууда.
