Ошто эки тойдун конокторунун ортосунда массалык мушташ чыккан. Милиция окуя боюнча үн катты 
25 сентябрь

Ошто эки тойдун конокторунун ортосунда массалык мушташ чыккан. Милиция окуя боюнча үн катты 

Ош шаарында массалык мушташ чыккан. Окуянын видеосу социалдык тармакта тарады. 

Окуя боюнча Ош облустук милициясы үн катып, жаңжал 23-сентябрда саат 15:30дар чамасында шаардагы "Изюм" ресторанынын жанында катталгандыгын тастыктады.

Жерине милиция кызматкерлери барып, окуяга тиешеси бар делген 8 адамды кармап, Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Алар 2001 жана 2002-жылы туулган жарандар.

Текшерүү учурунда жаңжал эки башка тойго барган коноктордун арасында чыккандыгы маалым болгон. Алар өз ара кайым айтышат кетип, андан соң массалык мушташа кетишкен. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө окуянын активдүү 3 катышуучусу аныкталып, алар бир суткага камакка алынган. 

Андан сырткары, окуянын бардык катышуучуларына 20 миң сомдон айып салынган. 

"Окуяга катыштыгы бар тараптар бири-бирине арыз жазуудан жана атайын соттук-медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан", – деп кошумчалашты милициядан.