Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу кеңейтилип, төрт тилкелүү болот
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, курулуш иштеринин сапатын жана аткарылып жаткан жумуштардын графигин текшерди. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Иш сапарынын жүрүшүндө министр жооптуу жетекчилер жана подрядчы компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, долбоорду белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен бүтүрүү, курулуш иштеринин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу жана бардык техникалык талаптарды так сактоо боюнча тапшырмаларды берди.
Министр белгилегендей, долбоор мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен ишке ашырылууда.
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун реконструкциясынын жалпы узундугу 141 чакырымды түзөт.
Долбоор толук аяктагандан кийин II категориядагы төрт тилкелүү, ортосу барьердик тосмо менен бөлүнгөн заманбап унаа жолу пайдаланууга берилет. Бул жолдун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен катар Ысык-Көл облусунун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ички туризмди колдоого олуттуу салым кошот.
Ошондой эле министр жооптуу жетекчилерге курулуш иштерине туруктуу көзөмөл жүргүзүү, подрядчы уюмдар тарабынан бардык жумуштардын белгиленген мөөнөттө жана талаптагыдай сапатта аткарылышын камсыз кылуу боюнча милдеттерди койду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол куруу иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөөнү улантып, стратегиялык маанидеги инфраструктуралык долбоорлордун өз убагында жана сапаттуу ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча иштерди улантат.
