Баткен облусу катуу шамалдан болжол менен 16 млн сомдук чыгым тартты
Үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында катуу шамал болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 27–28 метрге чейин жетти.
Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен айрым турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркап, башка материалдык чыгымдар катталды. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, жалпы келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 16 миллион сомду түздү.
Бүгүн, 29-июнда Баткен облусунун Жарандык коргонуу комиссиясынын кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.
Жыйындын жүрүшүндө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.
Атап айтканда, жабыркаган жарандардан үзгүлтүксүз кабар алып, алардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү, социалдык объектилерди мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө калыбына келтирүү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык объектилерди камсыздандыруу иштерин тездетүү милдеттендирилди.
Мындан тышкары, Баткен облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана аймактык саламаттык сактоо кызматтарына кырсыктан жабыркаган эки жаранга зарыл болгон бардык медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү тапшырмасы берилди.
Учурда Баткен облусунда катуу шамалдын кесепеттерин жоюу, келтирилген чыгымдарды тактоо жана жабыркаган объектилерди калыбына келтирүү иштери тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан улантылууда.
