Башкы прокуратура «КБР» АМТ менен иштөө боюнча тергөөчүлөрдү окутуунун жаңы форматын ишке киргизүүдө
Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, санариптик технологияларга ийгиликтүү ыңгайлашуусун камсыз кылуу, ошондой эле заманбап санариптик инструменттер менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунда иштөө боюнча практикага багытталган окутуунун жаңы форматын ишке киргизүүдө.
Бул демилгенин алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана аймактык ички иштер органдарынын жаңы дайындалган жана иштеп жаткан тергөөчүлөрү үчүн реалдуу иш шарттарына мүмкүн болушунча жакындатылган атайын тесттик чөйрөдө «Электрондук кылмыш ишин» жүргүзүү көндүмдөрүн өздөштүрүүгө багытталган практикалык окутуу өткөрүлдү.
Окутуунун жыйынтыгында кызматкерлерди даярдоонун бирдиктүү методикасы жана алардын кесиптик компетенцияларын баалоо боюнча чек-баракча иштелип чыкты. Бул документтер мындан ары өлкөнүн бардык укук коргоо органдарында ушундай эле окутууларды уюштурууда колдонулат.
