Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне У.Л., аттуу жаран арыз менен кайрылып. Анда С.Н. аттуу жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Себеби, 2025-жылдын февраль айынан июнь айына чейинки Бишкек шаарынын Исакеев көчөсүндө С.Н. алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, жалпы саны 10 даана электр унаасын алып кеткен. Аталган унааларды сатып, акчасын толук кайтарып берем деп убада кылганына карабастан, ушул күнгө чейин унааларды кайтарып бербей же акча каражатын төлөп бербей, изин жашырып жүргөн. Жалпы келтирилген чыгым 260 миң АКШ долларын түзгөн.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209 (Алдамчылык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2002-жылы туулган С.Н. аттуу жаран кармалып.
Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
