Өткөн жылы республика боюнча сел жүрүүнүн натыйжасында 5 354 кожолукту суу каптаган
28 февраль

Өткөн жылы республика боюнча сел жүрүүнүн натыйжасында 5 354 кожолукту суу каптаган

Бүгүн, 28-февралда "Ишеним" парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде көчмө жыйын өткөрдү. Жыйынга фракциянын лидери Улугбек Ормонов башында турган Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Сыдыгалиев, Русланбек Жакышов, Сүйүнбек Өмүрзаков, Медербек Алиев, Советбек Рустамбек уулу катышты. 

Алсак, депутаттарга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон министрликтин атайын техникалары тааныштырылды.

Депутаттар ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ишмердүүлүгү менен да таанышты. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдиргендей, бул мекеме өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык башкаруу системасын күндөлүк башкаруу органы болуп саналат жана маалыматтык ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүүгө багытталган. 

Ошондой эле, депутаттар жеринде "112" бирдиктүү диспетчердик кызматынын иши менен таанышышты, ал биринчи жардам көрсөтүү кызматтарынын чакыруусунун бирдиктүү номери болуп саналат.

Көчмө жыйында фракция мүчөлөрү өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылдагы ишмердүүлүгү жана 2025-жылга карата пландары тууралуу маалымат угушту. Азамат Мамбетов министрликтин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу айтып, жаратылыш кырсыктарынын саны боюнча маалыматтарды берди.

Көчмө жыйында фракция мүчөлөрү өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылдагы ишмердүүлүгү жана 2025-жылга карата пландары тууралуу маалымат угушту. Азамат Мамбетов министрликтин өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу айтып берди, жаратылыш кырсыктарынын саны боюнча маалыматтар берилди. 

Алсак, өткөн жылы республика боюнча сел жүрүүнүн натыйжасында 5354 кожолукту суу каптаган. Анын натыйжасында 102 турак жай авариялык абалга келип, 138и капиталдык оңдоого муктаж болсо, 135 автомобилге зыян келтирилген. Материалдык зыяндын жалпы суммасы 1 млрд 255 млн 27 миң сомду түздү. 

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бир катар маселелерди көтөрүштү. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишиндеги оңдуу динамиканы белгилеп, сел жана суу ташкындарын алдын алуу чараларын көрүүнүн актуалдуулугун белгиледи. Ал айткандай, жээкти бекемдөө иштерин өз убагында жүргүзүү маанилүү. Депутат Медербек Алиев Жогорку Кеңеш коомдук жайларда өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды күчөтүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун колдоого даяр экендигин айтты.

Ал эми депутат Советбек Рустамбек уулу Ош облусунун Ноокат районундагы Кырк-Сай дарыясына дамба куруу маселесин кароону билдирди. 

Фракция лидери Улугбек Ормонов сел жана суу ташкындарынын көбөйүшүнө көңүл буруп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана натыйжалуу чара көрүү боюнча иш-аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал Өзгөн районундагы Жазы дарыясындагы дамбаны бекемдөөнү суранды. 

Эл өкүлү Нурбек Сыдыгалиев өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн объекттерин жана жабдууларын модернизациялоого басым жасады. Депутат Русланбек Жакышов өрт көзөмөлү жана өрткө каршы алдын алуу жаатында жетиштүү иш жүргүзүлбөй жатканын белгилеп, министрдин тескөөчү орун басарынын жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башкы көйгөй штаттык бирдиктин жетишсиздиги экенин айтты. Анын билдирүүсүндө, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн инженердик техника жетиштүү.