Сүрөт ачык булактардан алынды
3 август
Бишкектин эки кичи районунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Бишкектин 3ү жана 7-кичи райондорунда 4-август саат 09:30дан тартып, 5-август саат 02:00гө ичүүчү суу өчүрулөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ичүүчү суунун убактылуу өчүрүлүшү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, ошондой эле мекеме-уюмдарды алдын ала ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.
