Ноокен районунда 105 гектар аянтка тамчылатып сугаруу системасы орнотулду
6 октябрь

Ноокен районунда 105 гектар аянтка тамчылатып сугаруу системасы орнотулду

Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасынын негизинде, Ноокен районуна караштуу Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу аймагындагы 105 гектар жер аянтына тамчылатып сугаруу системасын орнотуу үчүн 35 млн 285 миң сом каражат бөлүнгөн.

Ноокен райондук суу чарба башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2024-жылдан тартып 105 гектар аянттагы талаалар жаңы системанын негизинде толук кандуу суу менен камсыз боло баштайт. Тамчылатып сугаруу технологиясы суунун үнөмдүү пайдаланылышын камсыздап, эгиндердин түшүмдүүлүгүн жогорулатат.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жылына бир гана суу чарба системасынан 183,6 миң кВт/саат электр энергиясы үнөмдөлүп, жалпы 482,7 миң м³ суу сакталат. Бул жаңы система дыйкандардын чыгымын азайтып, жер семирткичтердин өздөштүрүлүшүн жакшыртат.

Тамчылатып сугаруу ыкмасынын натыйжасында жергиликтүү дыйкандар 70–80%га чейин суу үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жетишет деп күтүлүүдө.