"Кыргызпатенттин" директору Рахат Керимбаева ээлеген кызматынан бошотулду
20 май

"Кыргызпатенттин" директору Рахат Керимбаева ээлеген кызматынан бошотулду

Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу "Кыргызпатенттен" кабарлашты.

Бул тууралуу чечимди бүгүн, 20-майда Минкабдын Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы Азат Бакаев мекеменин жамаатына тааныштырды.

Эске салсак, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, Агартуу жана Илим, жогорку билим берүү, интеллектуалдык менчик жана инновациялар министрлиги болуп кайра түзүлгөн. Ага ылайык, Кыргызпатент мекемеси министрликтин курамына киргизилди.

Ошондой эле, Кыргызпатенттин орун басары Улан Исмаилбеков да тиешелүү жарлыкка ылайык ээлеген кызматынан бошотулганы маалымдалды.