Кыргызстанда жумушка кабыл алууда талапкерлерден балдарынын бар-жогун суроого тыюу салынды
23 июль

Кыргызстанда жумушка кабыл алууда талапкерлерден балдарынын бар-жогун суроого тыюу салынды

2026-жылдын 17-июлунда кабыл алынган мыйзамга ылайык, Кыргызстанда жумушка кабыл алууда иш берүүчүлөр талапкерлерден балдарынын бар-жогу, бала төрөө боюнча пландары жана үй-бүлөлүк милдеттери тууралуу суроо берүүгө укуксуз.

Мыйзамга ылайык, иш берүүчү талапкерден анын кесиптик сапаттарына гана байланыштуу маалыматтарды талап кыла алат. Ошондой эле кызматкердин үй-бүлөлүк милдеттери жумушка алуудан баш тартууга же аны иштен бошотууга негиз боло албайт.

Мындан тышкары, негиздүү зарылчылык болбосо, бош кызмат орундарын жарыялоодо «эркек талап кылынат» же «аял талап кылынат» деген талаптарды көрсөтүүгө тыюу салынды.

Мыйзам кызматкерлерди басмырлоодон, зомбулуктан жана сексуалдык асылуудан коргоону да күчөтөт. Иш берүүчүлөр мындай учурлардын алдын алууга жана кызматкерлердин даттанууларын кароого милдеттүү.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдарда бир жыныстын өкүлдөрү кадрдык курамдын 70 пайызынан ашпоого тийиш.

Эгерде сот басмырлоо фактысын аныктаса, иш берүүчү талапкерди жумушка кабыл алууга же мыйзамсыз иштен бошотулган кызматкерди кайра ишке калыбына келтирүүгө, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттендирилиши мүмкүн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.