Мэр Айбек Жунушалиев Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту
12 октябрь

Мэр Айбек Жунушалиев Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиев менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусу болуп өттү. 

Муниципалитеттен билдиришкендей, тараптар өлкөлөр ортосундагы, атап айтканда, бир тууган шаарлар жана өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Ошондой эле ар кандай тармактар боюнча шаарлар ортосундагы тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдиришти.