БШК А. Кылычбаевди Сузак округу боюнча ЖК депутаты кылып каттады
1 октябрь

БШК А. Кылычбаевди Сузак округу боюнча ЖК депутаты кылып каттады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-сентябрда Кылычбаев Алтынбек Таировичти №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кылып каттады.

№13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22-сентябрында өттү.

2024-жылдын 26-сентябрында БШКнын №150 токтому менен №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталды.

А. Кылычбаевге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.