Жалал-Абад – Казарман унаа жолу асфальтталууда
Жалал-Абад – Казарман унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө, деп билдирет Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы.
Жеринде тиешелүү кызматкерлер жана техникалар иштеп жатат.
Сузак районуна караган бул жолдун учурда 2 чакырымы (жолдун 16-18-чакырымдар аралыгы) жасалууда. Азыркы тапта жумуштар ортодон ооп, 1,6 чакырымына асфальт басылды.
Жол куруу жумуштары бардык нормаларга жооп берерин министрликтен кошумчалашты.