Мукамбетов: Аскер госпиталдары менен жарандык ооруканалардын дарыгерлеринин ортосунда тажрыйба алмашуу ишке киргизилет
20 май

Мукамбетов: Аскер госпиталдары менен жарандык ооруканалардын дарыгерлеринин ортосунда тажрыйба алмашуу ишке киргизилет

Кыргызстанда эки аскердик госпиталь бар: Бишкек жана Ош шаарында. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында коргоо министрине талапкер Руслан Мукамбетов билдирди.

«Эки госпиталь жана бир поликлиникабыз бар. Жакында Баткен облусуна дагы бир госпиталь ачууну тууралуу демилге көтөрүүнү пландаштырып жатабыз», – деди ал.

Депутат Жылдыз Садырбаева аскер госпиталдарындагы кадрлар тууралуу суроо узатты эле, ага жооп төмөнкүдөй болду:

«Союз учурунда жарандык ооруканалардагы дарыгерлер аскер госпиталдарына, аскер госпиталдарындагы дарыгерлер жарандык ооруканаларга жиберилип, тажрыйба алмашуу болуп турчу. Бул дарыгерлердин практикасын жогорулатат. Өзүңүздөр билесиздер, медицинанын деңгээли практикага абдан байланышкан. Биз дагы союздан калган бул ыкманы жандандырып, дагыгерлер ортосундагы тажрыйба алмашууну бекемдейли деп турабыз», – деди Мукамбетов.

Айтымында, аскер госпиталдардагы кадрлар негизинен Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы окуу жайлардан билим алып келгендер. Андан тышкары Бишкектеги Медициналык академиянын да бүтүрүүчүлөрү тартылат.