Жанар Акаев: Ушул убакка чейин «аскердеги баланы сабаган адам мынча жылга кесилди» деген маалыматты уга элекмин
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети бүгүн, 20-майда коргоо министрине Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин карады.
Анда талапкер суроолорго жооп берип жатып, аскердеги «дедовщина» анчалык курч эместигин билдирди.
Депутат Жанар Акаев жыл сайын аскердик кызматын өтөп жүргөн жеринен каза болгондор тууралуу маалыматтар чыгып турган маалда, бул маселени «курч эместерге» киргизүү болбой турганын белгиледи.
«Мен сизге сунуш айтайын. Аскердеги зордук-зомбулук курч эмес дедиңиз. Министр болгонуңуздан кийин ушул маселе менен абдан катуу иштешиңиз керек. Өлүмгө чейин алып келген зордук-зомбулуктар катталып жатат. Бир гана бизде эмес, коңшу өлкөлөрдө да ушул көрүнүш. Карап көрүңүз, 2021-2022-жылдан бери жылына он чакты бала бири майып болсо, бири өлүп жатат. Сиз дагы атасыз. Мисалы, ата-эне баласын аскерге жөнөткөндө «Кыргызстанды корго, элиңе, мекениңе кызмат кыл», – деп алты санын аман кылып жөнөтүшөт. Мекенди коргоо милдетиң, парзың дешет. Анан баласынын сөөгүн алса же катуу сабалуудан майып болгон баласын тосуп алса, мындан өткөн кайгы барбы?! Аны көргөн башка ата-энелер баласын аскерге жөнөтөбү?!
Ооба, аскерде бала тарбияланат, бышат. Бирок ага ылайык уставдар, эрежелер бар, ошолордон, мыйзамдан чыкпаш керек», – деди депутат.
Ошондой эле, ал аскер коркунучтун эмес, мекенге болгон сүйүүнүн очогу болушу зарылдыгын, ал жактан бала мекенине болгон сүйүү менен кайтып, анысын теңтуштарына да өткөрүшү, аскерге барууга шыкакташы керектигин белгиледи.
«Ушул убакка чейин жоокерди сабаган адам мынча жылга кесилди деген маалыматты уга элекмин. Ата-энелер нааразы. Мен бул темага кайра кайрылам. Сизден министр болгонуңузга мынча ай болду, зордук-зомбулук канчалык азайды деп сурайм», – деди Жанар Акаев.
