Тармактык комитет коргоо министрине талапкерди жактырды
20 май

Тармактык комитет коргоо министрине талапкерди жактырды

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитети бүгүн, 20-майда Руслан Мукамбетовдун коргоо министрине болгон талапкерлигин колдоду. 

Белгилей кетсек, Мукамбетовдун талапкерлиги президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган. 

Ал буга чейин коргоо министринин орун басары болуп эмгектенген. 

Буга чейинки коргоо министри Бактыбек Бекболотов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп бекитилген.