Өспүрүмдөр арасында психологиялык зомбулук күч алууда: жабырлануучуда кандай белгилер пайда болот
2025-2026-окуу жылынын башталышы менен Агартуу министрлиги тарабынан жалпы билим берүүчү орто мектептердеги зомбулук жана балдарды коргоо боюнча улуттук изилдөө башталган жана ал жакында жыйынтыкталды.
Аталган министрликтин Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн жетекчтөөчү адиси Алтынбек Эркимбеков окуучу балдар зомбулуктун кайсы түрүнө көбүрөөк кабылаарын тизмеледи:
1. Психологиялык зомбулук.
2. Физикалык зомбулук.
3. Кибербуллинг – бул жаңы көрүнүш, ага бала соцтармактар аркылуу кабылат.
“Негизи өспүрүмдөр арасындагы укук бузуу, зомбулук бир гана биздин өлкөдө эмес, дүйнө жүзүндө күчөп жатат, биз буга изилдөө учурунда ынандык. Азыр мурдагыдай согуп-уруу чанда кездешет, бирок психологиялык зомбулук абдан күчөөдө. Бул мектептерде психолог адистердин жоктугунан улам болуп жатышы мүмкүн деген жыйынтыкка келдик. Изилдөөнүн жыйынтыгында, зомбулуктун түрлөрү шаарларда: айрыкча, Бишкек менен Ошто көп экени аныкталды. Айылдарда адамдар бирин бири тааныгандыктан, маселени убагында чечип, бирин бири тарбиялап коюп жатат. Ошондуктан Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй жана Ош облусуна көбүрөөк маани беришибиз керек”, – деди ал.
Айтымында, физикалык зомбулукка караганда психологиялык зомбулуктун кесепеттери оор. Көп учурда ата-эне баланы камсыздоону биринчи орунга коюп, ал эми тарбия берүүнү унутта калтырат.
“Ата-энелердин камсыз кылуу менен тарбиялоону бир алып кетүүгө дарамети жетпей жатат. Баламды багып жатам, үй-жайы бар, кийими бүтүн, курсагы ток деп ойлошот. Ошол эле учурда бир-эки саат насаатын айтып, тарбия бергенге убакыт табышпайт. Тарбия берүү – бул кам көрүүдөн өзүнчө турган жана өзүнчө аракетти, убакытты талап кылган маанилүү нерсе”, – деди Эркимбаев.
Ал психологиялык зомбулукка дуушар болгон балада байкалчу белгилерди атады:
• сөзгө маани бербейт;
• түнт тартат;
• үй-бүлөсү менен чогуу отурбай, бөлүнө баштайт, көбүнчө уюлдук телефонуна алаксыйт;
• кийим-кечесинин түсү өзгөрөт – күңүрт, кара түстөргө басым жасап, ачык түстөрдөн качып калат.
“Бала ата-эненин мээримине муктаж, бирок аны ачык айтпайт. Азыр ата-эненин ордун да алмаштырып кое турчу тиркемелер көп, ал аркылуу бала башка агымдарга кирип кетиши мүмкүн. Тыюу салуу, катаал дисциплина менен тарбиялоо жакшы, бирок чеги менен болушу керек. Психологиялык зомбулукка кабылуунун аягы жакшылык менен бүтпөйт. Мектепте зомбулук кылган балдар – алар башкалардын алдында күчтүү көрүнүү, чоңсунуу жана кадыр-баркка ээ болууну каалагандар. Мындай балдар менен дагы туура сүйлөшүп, ошол умтулуусун жакшы нукка бурууга болот. Мисалы, “Сен анда мектептин президенти бол, мектепти үлгүлүү кылаарыңа ишенебиз” деген ыкма натыйжа берип жатат. Бала өзүн такыр башка жааттан көрөт дагы, үлгүлүү болууга аракеттенип баштайт”, – деп белгиледи Эркимбаев.
