Бишкекте 1-июлдан тартып 8 автобустук каттамдын кыймыл чиймеси өзгөртүлөт
www
29 июнь

Бишкекте 1-июлдан тартып 8 автобустук каттамдын кыймыл чиймеси өзгөртүлөт

Бишкекте 1-июлдан тартып №100, №101, №13, №33, №40, №44, №104 жана №226 автобустук каттамдардын кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Өзгөртүүлөр коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, каттамдардын натыйжалуулугун арттырууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу транспорттук кызмат көрсөтүүнү камсыздоого багытталган.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун сапарларын алдын ала пландаштырууга жана жаңыланган автобустук каттамдарды эске алууга чакырат.