Чуй облус аймагында мыйзамсыз “Коопту жүк” ташыган жарандарга анын ичинен күйүүчү май саткандарга катуу чаралар көрүлүүдө
24 сентябрь

Чуй облус аймагында мыйзамсыз “Коопту жүк” ташыган жарандарга анын ичинен күйүүчү май саткандарга катуу чаралар көрүлүүдө

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Чүй облус аймагында жол жээктеринде мыйзамсыз “Коопту жүк” аталышындагы рейдтик иш-чара жүрүүдө бүгүн Чүй облусунун аймагында коопту күйүүчү майларды жүктөп жүргөн унаалардын айдоочуларына мыйзам чегинде чаралар көрүлүүдө.

Рейдтин максаты, жол жээктерин иретке келтирүү, жол жээгинде күйүчү май саткан жарандарга укук бузуу Кодексинин 195-беренесинин 1.,2.,3.,4., бөлүктөрүнө ылайык жарандарга айып пул салынып баардыгы болуп 128000 сомго айып пул салынып, салык кызматкерлери менен биргеликте 1000 литер күйүүчү май алынып тийиштүү мекемелерге өткөрүлүп берилди.

Урматтуу жарандар жолдун жээгине туруп мыйзамсыз сода сатык, күйүчү май сатууга, жана коопсуздук жүктү уруксаты жок ташууга болбоорун эскертебиз жана суранып кетебиз.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБгы жол жегин иретке келтирүү максатында мындай иш-чаралар уланууда.