Бишкекте күйүүчү майды мыйзамсыз саткан 450дөн ашык факт аныкталды
Бишкек шаардык муниципалдык инспекциясы күйүүчү-майлоочу материалдарды, анын ичинде бензинди мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктоо боюнча 82 рейддик иш-чара өткөрдү.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу менен алектенген жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде 453 административдик протокол түзүлдү. Жалпы айып пулдун суммасы 1 млн 389 миң сомду түздү.
Мыйзам бузуулардын эң көп саны борбор калаанын Биринчи май районунда катталып, бул жерде 272 протокол түзүлүп, 816 миң сом айып салынды.
Калган райондордогу көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болду:
- Ленин району – 76 протокол, 258 миң сом айып пул;
- Октябрь району – 22 протокол, 66 миң сом айып пул;
- Свердлов району – 83 протокол, 249 миң сом айып пул.
Муниципалдык инспекция мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдарды сатууга каршы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантыларын белгиледи.
