Төрөбаев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун менен жолукту
19 сентябрь

Төрөбаев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун менен жолукту

Пекин шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжундун жолугушуусу болуп өттү. 

Алгач Төрөбаев Кытайдын салттуу майрамы  болгон – Күз ортосу майрамы, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын негизделгендигинин 75 жылдыгы менен куттуктады. 

Андан соң тараптар соода-экономикалык, көзөмөлдөө-өткөрүү пунктарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, транспорт, айыл чарба, суу ресурстары тармактарында кызматташуу боюнча кенен сүйлөштү.

Бакыт Төрөбаев мындан тышкары кыргыз тарап кытай тарап менен гидротехникалык курулуштарды долбоорлоо, чакан жана орто көлөмдөгү суу сактагычтарды куруу, учурдагы каналдарды реконструкциялоо, жаңы каналдарды куруу, суу ресурстарын санариптештирүү, суу адистеринин квалификациясын жогорулатуу жана Кыргызстандык студенттерди Кытайда ирригация тармагында окутуу сыяктуу багыттарда кызматташууга өзгөчө кызыкдар экенин билдирди. 

Өз кезегинде Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун Кыргызстан менен Кытайдын лидерлери алдыга койгон милдеттерди эске алуу менен эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу өнөктөштүк биргеликте ийгиликтүү илгерилешине ишеним артаарын билдирди. 

Ошондой эле, Кытайдын Айыл чарба жана айыл иштери министринин, ошондой эле бул тармактагы адистер тобунун Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу макулдашылды.