Кыргызстанда ЖККУнун машыгуулары башталды
7 сентябрь

Кыргызстанда ЖККУнун машыгуулары башталды

Андан соң Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20 636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун командалык пунктунда машыгуунун ачылыш аземи болуп өттү.

Машыгууларга ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук контингенттеринин 1500дөн ашык аскер кызматчылары, ошондой эле 200дөн ашык аскердик техника, анын ичинде 10го жакын авиациялык техника жана 10го жакын деңиз кемелери катышат.

Окуу-машыгуу борборунун аймагында машыгуунун катышуучуларынын иштөөсү, жашоосу, тамактануусу жана күнүмдүк ишмердигин уюштуруу үчүн аскер шаарчасынын инфраструктурасынын бардык элементтери, ошондой эле машыгуу учурунда аскерлердин практикалык аракеттери үчүн бардык шарттар түзүлгөн.