Бишкектин бир бөлүгүндө 25-сентябрда таза суу жок болот
24 сентябрь

Бишкектин бир бөлүгүндө 25-сентябрда таза суу жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө 25-сентябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Анкара көчөсү - ББЧК, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсү.
"ХБО" суу алгычындагы  реконструкция иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.