Төрт айда ЖКККББнын ишеним номерине 18,4 миң кайрылуу түшкөн
19 сентябрь

Төрт айда ЖКККББнын ишеним номерине 18,4 миң кайрылуу түшкөн

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) ишеним номерине төрт ай аралыгында 18 миң 409 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Анын ичинде:

  • 10 100 (52,6%) кайрылуу — унааларын башкаларга тоскоолдук жаратып, туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурлары;
  • 2 208 (11,9%) кайрылуу — каршы тилкелерге чыгуу жана ашып өтүү, озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузган учурлары;
  • 2788 (15,1%) кайрылуу — жол чырактын кызыл түсүнө баш ийбөө жана жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочулар тууралуу;
  • 1318 (7,1%) кайрылуу — жол эрежелеринин башка түрлөрүн бузган айдоочулар тууралуу.

Белгилей кетсек, ЖКККББ ушул жылдын 21-майынан тарта жарандардын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн (0777) 102-102  (WhatsApp) номурун ишке киргизип, жарандардын кайрылууларын кабыл ала баштаган.