Бишкектин айрым жерлеринде 30-июнда таза суу жок болот
www
29 июнь

Бишкектин айрым жерлеринде 30-июнда таза суу жок болот

Бишкектин айрым жерлеринде 30-июнда саат 09:00дөн 00:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Өчүрүү аймагы: Ибраимов көчөсү – Чүй проспекти – Т. Айтматов көчөсү – Жибек - Жолу проспекти – Осмонкул көчөсү – Фрунзе көчөсү – Сүйүмбаев көчөсү – Фрунзе көчөсү.

Осмонкул жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Д= 500 мм болгон бурама тээкти (задвижка) алмаштыруу иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" ишканасы ишканаларды,  шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.