Декларацияны убагында тапшырбаган же туура эмес тапшырган мамкызматкерлерди жаңы жаза күтүүдө
10 февраль

Декларацияны убагында тапшырбаган же туура эмес тапшырган мамкызматкерлерди жаңы жаза күтүүдө

Мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү түрдө тапшыруучу декларациялар боюнча мыйзам долбоорун өзгөртүү сунушталууда.

Бул боюнча бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинде талкууланды.

Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Усеналиеванын айтымында, учурдагы мыйзам боюнча декларацияларды этика комиссиясы текшерет, ал эми өзгөртүүлөрдө бул милдетти пенсоналды башкаруу кызматына жүктөө пландалууда.

Депутат Гүлнара Акимбаева персоналдарды башкаруу кызматы деп аталган милдетти көбүнчө жалгыз адам аткарарын белгилеп, “Бир адам бардык декларацияларды толук кандуу текшере алабы?” – деген суроо узатты.

Мыйзам долбоорун демилгелеген тарап “текшере алат” деп ишенимдүү жооп узатты.

Бактыгүл Усеналиева декларацияны убагында тапшырбаган, туура эмес толтурган же толук кандуу толтурбаган кызматкерлерди жазалоо тартиби дагы өзгөртүлүп жатканын белгиледи.

“Азыркы мыйзам боюнча мындай кызматкерлерге айыппул салынат. Бул жеңиз жаза. Анткени алар айыппул төлөп коюшат, болду, андан ары кадимки тартипте жумушун уланта беришет. Биз айыппулду тартиптик жазага алмаштырууну сунуштап жатабыз. Мында кызматкер өз убагында класстык чин ала албайт, чет өлкөлөргө иш сапарга чыгууга, сый акы алууга чектөө коюлат. Эмгек китепчесине да жазылып, бул тууралуу анын ишмердүүлүгүндө из калат. Ошондуктан биз тартиптик жаза бир топ натыйжалуу болот го деп ойлоп жатабыз”, – деди Усеналиева.