Бишкекте Лев Толстой көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды
7 сентябрь

Бишкекте Лев Толстой көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды

Бишкектеги Л. Толстой көчөсүнүн капиталдык ремонту 2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык аяктоодо.

Иштер Т.Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын "Каменные дороги" подряддык уюму тарабынан жүргүзүлүүдө.

Учурда аталган тилкеде шагыл-мастикалык асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.