Бектур Алиев Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
7 сентябрь

Бектур Алиев Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Алиев Бектур Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.