Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги тышкы жарыктандыруу жаңыртылды
Бишкек мэриясы
14 август

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги тышкы жарыктандыруу жаңыртылды

Чыңгыз Айтматов проспектисинин Жибек Жолу проспектисинен Иса Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө көчө жарыктандыруу системасын жаңыртуу иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Долбоордун алкагында аталган тилкеге бийиктиги 12 метр болгон 277 архитектуралык-дизайнердик тирөөч жана кубаттуулугу 200 Вт болгон 554 заманбап, энергияны үнөмдөөчү LED-чырактар орнотулду.

Жарыктандыруу системасынын жаңыланышы борбор калаанын негизги каттамдарынын биринде жолдун көрүнүшүн жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатат.

Мындан тышкары, заманбап LED-чырактарды колдонуу системанын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатып, электр энергиясынын чыгымын азайтууга мүмкүндүк берет.