Талас облусунун аймагында криминогендик абалдын туруктуулугу көзөмөлдөнүүдө
14 август

Талас облусунун аймагында криминогендик абалдын туруктуулугу көзөмөлдөнүүдө

Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Талас ОИИБдин тескемесинин негизинде, 2026-жылдын 11-14-август күндөрү облус аймагында “Бандит” аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чара уюштурулду.

Ыкчам-профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө Талас ОИИБдин жана шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан, облус аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын каттоодо турган жарандар жер-жерлердеги ички иштер органдарынын имараттарына алып келинип, алар менен профилактикалык багытта маектешүүлөр жүргүзүлдү.

Аталган жарандардын өздүгү такталып, жашаган жерлери, күнүмдүк иш-аракеттери, социалдык байланыштары, кылмыштуу чөйрөдөгү адамдар менен мамилелери боюнча тиешелүү маалыматтар текшерилди. Профилактикалык иштердин алкагында жарандардын кол манжаларынын издери алынып, тиешелүү маалыматтар текшерүүгө жөнөтүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты - облус аймагындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу, мурда катталган кылмыштардын бетин ачуу, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын жасалышына жол бербөө болуп саналат. Криминогендик кырдаалга терс таасирин тийгизүүчү факторлорду аныктоо жана жоюу, ошондой эле коомдук-саясий абалдын туруктуулугун камсыз кылууга багытталат.