Ош мэриясы
21 апрель
Оштун Жапалак айыл аймагында бир катар соцобъектилердин курулушу жүрүүдө
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 20-апрелде Жапалак айыл аймагындагы жүргүзүлүп жаткан социалдык объектилердин курулуш иштери менен жеринен таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Учурда аталган айыл аймактын Жапалак, Арек, Качыбек, Орке, Мээркан, Кеңеш, Татар, Гулбаар, Төлөйкөн, Тээке жана Керме-Тоо айылдарына жалпы узундугу 75000 метрге бара бар таза суу түтүктөрү тартылууда.
Ошондой эле 100 орундуу бала бакчанын курулушу жана Атабаев атындагы мектепке кошумча спорт зал, актылык зал, ашкана имараттарын тургузуу иштери жүрүп жатат.
Шаар мэри ар бир курулуш объектин жеринен көзөмөлдөп, курулушчуларга жумушту сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө ыкчам бүтүрүү тапшырмасын берди.
