Өзгөн районунда селден жабыркаган үйлөр тазаланууда
президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
25 май

Өзгөн районунда селден жабыркаган үйлөр тазаланууда

Күн мурун, 24-майда катуу жамгырдан улам Өзгөн районунун 6 айыл аймагында жана шаарда жалпы 65 турак жайга сел суусу кирген.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жер төлөсүнө суу кирген 37 үйдүн 19у толук тазаланды, 18и калды.

Короосуна суу кирген 28 үйдүн көбү тазаланды.

Тазалоо иштерине ӨКБ кызматкерлери, жергиликтүү бийлик жана техника тартылды. Азыр Кароол, Кашка-Терек жана Жыланды айылдарында жумуштар улантылууда.

Кырдаал көзөмөлдө, калган үйлөрдү тазалоо иштери жүрүп жатат.