Көчмөндөр оюндарына 9 миңден ашуун талапкердин ичинен 700 ыктыярчы тандалган
ДКОнун медиа-штабы
6 сентябрь

Көчмөндөр оюндарына 9 миңден ашуун талапкердин ичинен 700 ыктыярчы тандалган

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 9 миңден ашуун талапкердин ичинен 700 ыктыярчы тандалган. Бул тууралуу Алтынбек Максутов билдирди.

Тандалган волонтерлордун 658и Кыргызстандын жарандары болсо, 42си чет өлкөлүктөр.

Ыктыярчылардын 90 пайызга жакыны англис тилин билет. Мындан тышкары, алардын арасында 10дон ашык чет тилде сүйлөгөндөр да бар.

Волонтерлор Оюндун негизги аянтчаларында иштеп, конокторду жана делегацияларды коштоп жүрүштү, багыт көрсөтүү, маалыматтык жана уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүштү.

Ошентип, волонтердук программага катышуу үчүн сынакта бир орунга орточо 13 талапкерден туура келген.