Табылды Эгембердиев менен Шайлообек Дүйшеевге Эмгек баатыры наамын берүү сунушталды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо кыргыз интеллигенциясынын кайрылуусун президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго берди.
Айтымында, кайрылууда Табылды Эгембердиев менен Шайлообек Дүйшеевге Эмгек баатыры наамын берүү сунушталган.
“Шорону” негиздеген Табылды Эгембердиевдин эмгегин жалпы кыргыз билет. Ал шоро аркылуу кыргызды далайга таанытты. “Шорону” негиздеп, Супара этнокомплексин түзүп, салттык моделди Кыргызстанга жайылтты. Ушундай инсанга Эмгек баатыры наамын берүү туура болот”, – деди ал.
Ошондой эле, депутат “бүгүнкү күндүн тирүү классиги Шайлообек Дүйшеевге” да ушундай наамды берүү зарылдыгын белгиледи.
