Сүйүнбек Касмамбетов жана Кабылбек Мамбетаипов БШК мүчөлүгүнө шайланышты
Жогорку Кеңеш бүгүн, 24-сентябрда Сүйүнбек Касмамбетов менен Кабылбек Мамбетаиповду Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлады.
Сүйүнбек Касмамбетовго 80 депутат “макул” добушун берсе, Кабылбек Мамбетаиповду 72 депутат колдоду.
Белгилей кетсек, экөө тең президенттик квота менен көрсөтүлгөн.
Ушул эле жыйында депутаттар Анар Дубанбаеваны БШК мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотту. Ал 2021-жылы президенттик квота менен шайланган.
