Ошто ата-бала өспүрүмгө кол салган. Териштирүү иштери башталды
22 июль

Ошто ата-бала өспүрүмгө кол салган. Териштирүү иштери башталды

2026-жылдын 21-июль күнү Ош шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган Ж.Ы. арыз менен кайрылган. Анын билдирүүсүнө ылайык, ошол эле күнү саат 20:30 чамасында Ош шаарынын Анар кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйдүн алдында белгисиз жаран өзүнүн баласы менен биргеликте анын жашы жете элек уулу — 2011-жылы туулган А.Н.га карата ээнбаштык аракеттерди жасап, денесине залал келтирген.

Бул факты боюнча маалымат Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, тиешелүү текшерүү жана тергөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга тиешеси бар жарандардын өздүгү аныкталып, алар — 1982-жылы туулган П.А. жана анын уулу, 2011-жылы туулган Н.Н. экендиги такталган. Аталган жарандар тергөө кызматына жеткирилип, тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иштери улантылып жатат. Топтолгон материалдардын негизинде фактыга юридикалык баа берилип, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.