Бишкек–Нарын–Торугарт жолуна кар көчкү түштү
5 март

Бишкек–Нарын–Торугарт жолуна кар көчкү түштү

Бишкек–Нарын–Торугарт авто жолунун 304-чакырымында, Кара-Үңкүр участкасында кар көчкү түштү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, учурда жол убактылуу жабылды.

Жол тейлөө ишканалары тарабынан ыкчам түрдө керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жолдун абалы тууралуу кошумча маалымат берилет.