Ошто жаңы үч тараптуу айланма жол курулуп бүттү
Ош мэриясы
25 май

Ошто жаңы үч тараптуу айланма жол курулуп бүттү

Ош шаарында жол инфраструктурасын өнүктүрүү, жод кырсыктын алдын алуу иштери ырааттуу жүрүп жатат, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы. 

Мэр Жанарбек Акаев Г.Айтиев менен А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап айланма жолдун курулушун жеринен көрдү.

Анда А.Навои көчөсү тарабынан 6 тилкелүү жол каралып, ал эми Г.Айтиев көчөсү Б.Осмонов көчөсү тарапка карай кеңейтилип, 6 тилкелүү форматка өткөрүлүүдө. Жаңы альтернативалык багыт катары Көчкөнов көчөсү ачылып, ал аркылуу жаңы базарга түз кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Шаар башчысы жолду сапаттуу куруп, мөөнөтүндө бүтүрүү тапшырмасын койду.

Айланма жолдун жалпы диаметри 25 метрди түзөт.