Бишкек шаарында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча күчөтүлгөн рейддик иш-чаралар уланууда
25 май

Бишкек шаарында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча күчөтүлгөн рейддик иш-чаралар уланууда

  • Өткөн дем алыш күндөрү борбор калаанын милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү. Өзгөчө көңүл түнкү эс алуучу жайлардын, көңүл ачуучу жайлардын айланасында жана жарандар көп чогулган жерлерде коомдук тартипти камсыз кылууга бурулду.

  • Алдын алуу жана рейддик иш-чаралардын алкагында жөө жана көчмө кайгуулдар уюштурулуп, алар укук бузуулардын алдын алууга, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюуга жана борбор калаанын тургундары менен конокторунун коопсуздугун камсыз кылууга багытталды.

  • Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык ар кандай укук бузуулар үчүн 3 000ден ашуун административдик протокол түзүлдү.

  • Мындан тышкары, мас абалында унаа башкарган 25тен ашуун айдоочу аныкталды. Бул жол кыймылынын коопсуздугуна жана жарандардын өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратат.

  • Райондук ички иштер башкармалыктарына болжол менен 400 жаран жеткирилди. Алардын ичинен 30 адамга карата соттун чечими менен Бишкек шаарынын ИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын атайын кабыл алуучу жайына киргизүү чарасы колдонулду.

  • Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин жана башка административдик мыйзам бузууларды бузгандыгы үчүн 600дөн ашуун автоунаа жана мототранспорт адистештирилген айып короосуна киргизилди.

  • Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы борбор калаанын тургундарын жана конокторун мыйзам талаптарын, жол кыймылынын эрежелерин жана коомдук тартипти так сактоого чакырат. Мас абалында транспорт каражаттарын башкарууга жол бербеңиздер, өз ара урмат-сый жана жоопкерчилик көрсөтүңүздөр.

  • Мындан сырткары, ар кандай оордуктагы кылмыштарды жасоого шектелген 20дан ашуун жаран изи сууй электе кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бардык фактылар боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.