Кыргызстан менен Россиянын эксперттик-криминалистикалык бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусу өттү
30 сентябрь

Кыргызстан менен Россиянын эксперттик-криминалистикалык бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусу өттү

Россия Федерациясынын Москва шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эксперттик-криминалисттик кызматынын башчысы Александр Иванов менен Россия Федерациясынын ИИМдин Эксперттик-криминалисттик борборунун башчысы Вадим Казьмин менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда эксперттик-криминалистикалык ишмердүүлүк жаатында мындан аркы кызматташуу, кылмыштарды иликтөөдө заманбап технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле эки өлкөнүн адистеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана кесиптик окутуу курстарын өткөрүүнүн келечектүү маселелери талкууланды.

Жолугушуудан кийин кыргыз тарап Россиянын ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык борборунун алдыңкы адистери менен жолугушуп, мекеменин материалдык-техникалык базасы, ошондой эле заманбап криминалистикалык усулдамалары, анын ичинде буюмдук далилдерди талдоо, экспертиза жана санариптик криминалистика үчүн автоматташтырылган тутумдарды колдонуу менен таанышышты.

Иш сапардын программасында Россия Федерациясынын ИИМдин ЭКБнын фоноскопиялык жана авторду таануу экспертизалар, компьютердик жана радиотехникалык экспертизалар, жарылуу-техникалык экспертизалар, дактилоскопиялык экспертизалар жана алардын эсеби, баллистикалык экспертизалар, Россия ИИМдин федералдык ок-дары бөлүмдөрүнүн иши менен таанышуусу каралган.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын ИИМ ЭКБнын курал-жарактарынын жана патрондорунун криминалисттик коллекцияларынын үлгүлөрүнүн экспозициясы, кырдаалдык борбордун жана Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча ДНК-лабораториясынын иши көрсөтүлдү.

Иш сапардын жыйынтыгында эки өлкөнүн эксперттик-криминалистикалык кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү, анын ичинде эксперттик-криминалистикалык ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелери боюнча биргелешкен окутуу курстарын, такшалмаларды жана тажрыйба алмашууларды өткөрүү жөнүндө макулдашууларга жетишилди. Бул өз ара аракеттенүү эки өлкөдөгү эксперттердин ишинин натыйжалуулугун олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө.