«Бала ырысы» жөлөк пулун дайындоо процесси автоматташтырылат
Кыргызстанда жаңы «Бала ырысы» жөлөк пулун дайындоо процесси мүмкүн болушунча автоматташтырылат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков билдиргендей, арыз «Түндүк» тиркемеси аркылуу берилсе, жөлөк пул дайындоо боюнча чечим болжол менен бир күндүн ичинде кабыл алынат.
Система керектүү маалыматтарды өз алдынча текшерип чыгып, андан соң арыз ээсине мобилдик тиркеме аркылуу билдирүү жөнөтөт.
Ал эми Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу кайрылган учурда арызды кароо мөөнөтү беш күнгө чейин созулушу мүмкүн.
Ведомствонун өкүлдөрүнүн айтымында, жөлөк пулдар жаран тарабынан тандалган банк аркылуу которулат.
