Президент таш көчкү түшкөн Түндүк-Түштүк жолун коррупциянын символу деп атады
www
6 июнь

Президент таш көчкү түшкөн Түндүк-Түштүк жолун коррупциянын символу деп атады

Ушул жылдын 4-июнунда болжол менен саат 17:30да Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган.

Транспорт министрлигинен түшкөн таш көчкүнү тазалоо уланып жатканын билдиришти. 

Окуя боюнча президент Садыр Жапаров үн катып, социалдык тармактагы баракчасына бул жол коррупциянын символу болуп калгандыгын жазды. 

"Жергиликтүү калктын өтүнүчүн жана талабын эске алуу менен 1-июндан тартып ноябрга чейин убактылуу ачылган.

Бул жолго убагында дээрлик 1 миллиард доллар сарпташкан. Болгону 388 км.

1 чакырым жолдун баасы 2,29 млн доллар болгон. Жол эки тилкелүү. Салыштыруу үчүн айтсак, 2020-жылдан кийин эки тилкелүү жолдор эмес, төрт тилкелүү жолдор 1,3 – 1,5 млн долларга салынууда.

Албетте эки тилкелүү жолдор бул баалардын жарымына бүтмөк. Түндүк-Түштүк автожолуна ири суммадагы каражат сарпталганына карабай, жумуштар толук кандуу бүтпөй калган.

Ошонун айынан коопсуздук жагын эске алып, колдонууга бербей жатканбыз.

“Жолдо жүрүү убактысы кыскарат эле, жолду ачып бергиле” деген элдин талабынан улам, ошондой эле жай мезгилинде көчкү жүрүү коркунучу аз деп, жогоруда айтканымдай, убактылуу ачканбыз. Бирок болбой эле таштар кулап жатат.

Ошондуктан бул жолго чыккандарды өтө этият болууга чакырам. Айрыкча жаан-чачын болуп жаткан күндөрү бул жолго чыкпаганга аракет кылыңыздар.

Транспорт жана коммуникация министрлиги кемчиликтерди жоюунун үстүндө иш алып барууда. Барпы-Сафаров тилкесинде 5 инженердик курулманы салуу боюнча иштер жүрүүдө.

Мындан тышкары, 44 инженердик коргоо курулуштарын, анын ичинде кар көчкүдөн коргоочу 8 галерея, кардан коргоочу 22 курулма, 12 тирөөч дубал жана 2 эстакадалык көпүрө курулат.

Бул иштер жол коопсуздугун жогорулатуу, транспорттук каттамдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана автомобиль жолун жыл бою пайдаланууга шарт түзүү максатында аткарылып жатат.

Азыркы учурда 3 объектиде иштер жүрүп жатат. Подряддык уюмдар толук тартылгандан кийин дагы 9 объектиде курулуш иштери башталат.

Инженердик курулмалардын курулушу толугу менен 2027-жылдын аягында бүтөт.

Ошону менен 2028-жылдын башында гана Түндүк-Түштүк унаа жолун толук кандуу пайдаланууга бере алабыз.

Кыскасы, бул жол коррупциянын символу болуп калды", - деди ал.