Ошто жаңы мечит ачылды
Ош мэриясы
6 июнь

Ошто жаңы мечит ачылды

Ош шаарынын Туран кичи шаарчасында жайгашкан «Азирети Билал» мечитинин жаңы имаратынын ачылышы 5-июнда болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 2019 “Азирети Билал”мечити буга чейин Ишматов көчөсүндө болгон. Өткөн жылы имарат кызыл сызыкка туш келгендиктен буздурулуп, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жогорудагы дарекке жаңыдан курулду.

Ачылыш аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, шаардагы мечиттердин имамдары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чарада Самидин кары Атабаев мечиттердин коомдогу орду, жаш муундарды адеп-ахлакка тарбиялоодогу мааниси тууралуу токтолуп, элди ынтымакка жана руханий баалуулуктарды бекем карманууга чакырды.

Жаңыдан курулган «Азирети Билал» мечитинде жума жана айт намаздары өткөрүлүп, жарандардын диний билим алуусуна, адеп-ахлактык тарбиясына жана коомдук ынтымактын бекемделишине кызмат кылат.