Күзөт кызматкерлери чет өлкөлүк жаранга ыкчам жардам көрсөтүштү
6 сентябрь

Күзөт кызматкерлери чет өлкөлүк жаранга ыкчам жардам көрсөтүштү

2026-жылдын 6- сентябрына караган түнү Чолпон-Ата шаарындагы пансионаттардын биринде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткан ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлерине чет өлкөлүк жарандар жардам сурап кайрылышкан.

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 01:30 чамасында эс алуу жайында болгон К.А. аттуу чет өлкөлүк жаран өзүн начар сезип, медициналык жардамга муктаж болгон.

Күзөт кызматкерлери кырдаалга ыкчам баа берип, жаранга дароо жардам көрсөтүшкөн. Андан соң анын коопсуздугун камсыз кылуу менен жакын жайгашкан медициналык мекемеге жеткирип, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүшүнө көмөк көрсөтүшкөн.

ИИМдин Күзөт кызматы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу менен катар, жарандарга жана чет өлкөлүк конокторго зарыл учурда ыкчам жардам көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурушууда.