Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди
14 август

Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына 2026-жылдын 28-февраль күнү 2000-жылы туулган Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган.

Арызда көрсөтүлгөндөй, 2025-жылдын 25-июль күнү А.А. аттуу жаранга «SsangYong Tivoli» үлгүсүндөгү автоунаа 15 000 АКШ долларына сатылып, анын 5 000 АКШ доллары берилген. Калган 10 000 АКШ долларын ар кандай шылтоолор менен бербей, качып жүргөндүгү айтылган. Арыз ээси мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факт каттоого алынып, тергөө иштери башталган. Шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, тергөөгө камсыз кылуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү А.А. кармалып, тергөөгө камсыздалды.

Учурда А.А. Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.