Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды, деп билдирет КР ӨКМдин маалымат кызматы.
Билдирүүгө ылайык, анын ичинде:
- Бишкек шаары – 3;
- Ош шаары – 1;
- Чүй облусу – 2;
- Жалал-Абад облусу – 2;
- Ош облусу – 4;
- Баткен облусу – 3.
Өрттү өчүрүүгө 15 күжүрмөн эсеп тартылган.
Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.
